Биринчи вице-премьер Баатырбековдон коронавирус аныкталды

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 21:45
0 ой-пикир

Биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкчам штабдын башчысы Алмазбек Баатырбеков коронавирусту жугузуп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, учурда биринчи вице-премьер обочолонууга өтүп, үй карантинине алынган. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалашууда. Бирок ал өзү комментарий бере элек.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн аппаратынын 26 кызматкери коронавирус менен ооруп жатканы айтылган.

Ошондой эле вице-премьер-министр Эркин Асрандиевден Covid-19 инфекциясы аныкталганы белгилүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.