Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП партиясы шайлоодон четтетилди

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 12:25
0 ой-пикир

Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП партиясынын парламенттик шайлоого карата расмий өкүлдөрү каттоодон өтпөй калды. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссиянын 13-июлдагы жыйынында КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздары каралды.

Жыйынтыгында, эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келген. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Учурда эки тараптын ортосундагы талаш-тартыш жагдайы соттордо каралып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.