Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коронавируска каршы күрөшүүгө 155 миң сом которду. Бул тууралуу «Фейсбук» баракчасында журналист Тынчтык Алтымышев жазды.
«Кечээ, Роза Отунбаева дарыгерлердин абалын сурап, 155 000 сом которуптур. Албетте бул бизге эмес, бизге ишенген элге чоң жардам.
Бүгүн «Дордой» базарынын профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева эже таң атпай чалып, биздин эсепке профсоюздун атынан 100 миң сом берээрин айтып, сүйүнттү», — деп жазган Алтымышев.