Россиядан келген дарыгерлерди эмне үчүн эч ким тосуп алган жок? Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 08:27
0 ой-пикир

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Москвадан жардамга келген ыктыярчы дарыгерлерди эмне үчүн тосуп албагандыгы боюнча түшүрдүрмө берди.

Билдирүүгө караганда, медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзүп келген.

«Дарыгерлерди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, күн мурун, 12-июлда атайын чартердик каттам менен коронавирус инфекциясына каршы күрөштө кесиптештерине көмөктөшүү максатында Россияда иштеген кыргызстандык 45 практик дарыгер жана медкызматкерлер учуп келген.

Айрым массалык маалымат каражаттары жардамга келген кыргызстандык дарыгерлерди аэропорттон эч ким тосуп албаганын жазып чыгышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.