Бишкекке Москвадан 426 адам учуп келди. Арасында медицина кызматкерлери бар

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 18:32
0 ой-пикир

Бүгүн, 12-июлда «Аэрофлот – Россия аба жолдору» авиакомпаниясынын Москва – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 426 жараны кайтып келди. Алардын арасында Россияда иштеген дарыгерлер жана медайымдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Аталган каттам менен Россияда иштеген кыргызстандык 45 дарыгер жана 20 медайым учуп келди. Алар коронавирустук инфекция менен күрөштө мекендеги кесиптештерине көмөктөшөт. Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.