Тажик өкмөтү пандемия маалында калктын аярлуу катмарына кирген топторго эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүндө бир жолку акчалай жардам берүү жөнүндө токтом чыгарды. Өлкөдө минималдык маяна 400 сомони же 39 долларды түзөт.
Токтомго ылайык, тиешелүү органдар 1-августка чейин жардам алуучу кишилердин тизмесин түзүшү керек.
Тажикстанда калктын аярлуу катмарына майыптар, жетимдер жана аз камсыз үй-бүлөлөр кирет. 2018-жылга карата 85 миң жакыр үй-бүлө мамлекеттен социалдык жардам алып келген.
Соңку расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 6457 киши вирус жуктуруп алды, алардын 55и көз жумду.