Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирустан айыкты

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 16:44
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев коронавирус инфекциясынан сакайып чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

«Жакында экөө тең каронавирустан сакайып чыгышты. Экмат Байбакпаев ооруканадан үйүнө кайтып келиптир. ПЦР-тесттер таза чыкканын айтты. Мага телефон чалып: «Депутаттар элге жардам бериши керек, элдин арасында болушу керек» — деп жазганыңды окудум. Азырынча эшикке чыга албайм. Бирок, Сокулук районунда төрт айылдын дарыгерлерине жардамчыларым кол кабыш кылып атат. Колдон келген жардамдарды берип атабыз», — деди. Ал эми Тазабек мырза да өзү ооруп жатканына карабай, Кызыл-Аскерде күндүзгү стационар ачууга каралашты», — дейт ал. 

Эскерте кетсек, буга чейин Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаевден коронавирус жугузуп алганы маалымдалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.