Коронавирус жугузуп алган депутат Тазабек Икрамов үн катты

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 12:53
0 ой-пикир

Коронавирус жугузуп алган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Анын айтымында, куюндай тез таркаган бул вирустан кутулуунун бир бир гана жолу — бул жарандардын жеке жоопкерчилиги.

«Тилекке каршы, мен да бул илдетке кабылдым. Үй шартында өзүмдү өзүм жалгыз кармап, үй бүлөм, жакындарым менен катнашты токтоттум. Санитардык абалды так сактадым. Позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шугур, оор күндөр артта калды. Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим. Азыр биз баарыбыз жумушубуз жок болсо көчөгө басканды токтотуп, эгер зарыл ишибиз болсо медициналык маска тагынып, колубузду антисептик менен улам улам тазалап, адамдар менен жакындан баарлашуудан качышыбыз керек. Кайталайм, бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт. Бир гана жол ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Ар бир көчөдөгү жаран бүгүнкү күнү вирусту алып жүрүүчү болуп, бир канча кишини илдетке чалдыктырып жатат. Бул өтө коркунучтуу. Биз дайым өзүбүздү эле эмес, башка мекендештерибиздин ден соолугун ойлогонго да милдеттүүбүз! Сактаналы, сак бололу! Аллах колдосун сиздерди», -дейт эл өкүлү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.