Соль-Илецктен дагы 533 кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 19:09
0 ой-пикир

Кыргызстанга Россиядан дагы 533 жаран кайтып келди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Россиядан дагы 533 кыргызстандык кайтып келди. Ошентип, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан мекенине жалпы 1496 жаран, КР өкмөтү бөлүп берген 32 автобус менен кайтып келишти”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Соль-Илецк шаарынан кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен 20 автобус 6-июлда Бишкекке келген. Бул автобустар менен 963 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди.

Министрликтен кошумчалашкандай, Соль-Илецк шаарында туруп калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып кетүү үчүн Казакстан менен транспорттук коридор түзүп берүү маселеси макулдашылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.