Соль-Илецктен 963 кыргызстандык автобус менен алынып келинди

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 15:24
0 ой-пикир

Орусиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен 20 автобус 6-июлда Бишкекке келди. Бул автобустар менен 963 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, дагы 12 автобустан турган колонна Казакстанда келе жатат. Ал автобустарда 533 кыргызстандык бар. Колоннаны Казакстандын полициясы коштоп келе жатат.

Министрликтен кошумчалашкандай, Соль-Илецк шаарында туруп калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып кетүү үчүн Казакстан менен транспорттук коридор түзүп берүү маселеси макулдашылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.