Шайлоо-2020: эки партия саясий өнөктүккө катышуу ниетин билдирди

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 09:47
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, парламенттик шайлоого катышуу жөнүндө билдирүү «Мекенчил» партиясынан келип түштү.

Бул кайрылуунун негизинде мыйзамдын талабына ылайык, партиянын шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.

“Мекенчил” партиясы камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөн саясий бирикме катары белгилүү. Учурда партияны Камчыбек Ташиев жетектеп келет.

Белгилей кетсек, аталган партия шайоого катышам деген экинчи саясий бирикме. Буга чейин шайлоого катышуу ниетин “Ата Мекен” партиясы билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Кыргызстанда күндөн-күнгө коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүүдө. Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.