Старт берилди. Парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 09:44
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1.Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын.

2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.

4.Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5.Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6.Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.