Бишкекте убактылуу стационарда бир суткада 3 бейтап каза болду

Окуялар тизмеги 05 Июл 2020 20:20
0 ой-пикир

Бишкекте жаңы уюштурулган убактылуу стационарларда бир күндө үч бейтап каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымдады.

Маалыматта маркумдар кайсы стационарда көз жумгандыгы такталган жок. Буга чейин Бишкек мэриясы борбор калаада төрт убактылуу стационар ачылгандыгын билдирген. Ачылган борборлор курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптар үчүн каралгандыгы айтылган болчу.

Акыркы күндөрү ден соолугу начарлап ооруканага кайрылгандар көбөйдү. Коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандарга шаардагы ооруканаларда орун жетпей калган учурлар көп болууда.

Мэрия шаардыктарды үйдөн чыкпоого, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты так сактоого чакырууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.