Пневмония күч алууда. Бишкекте 4 күндүзгү стационар ачылат

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 16:51
0 ой-пикир

Кыргызстанда кийинки күндөрү пневмония менен ооруган жарандар көбөйүп, ооруканаларда орундардын жетишсиздиги байкалууда

Эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында Бишкекте 4 күзгү стационарлар ачылат. Республикалык штабдан белгилешкендей, ачылган борборлор курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптар үчүн каралган. Стационарлар коронавируска чалдыккан бейтаптарга багытталган эместиги белгиленди.

Бул борборлордо ошондой эле тамчылатма дары (капельница) дагы алса болот. Борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда жайгашкан:

1. Ленин району – «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;

2. Биринчи май району – Спорт сарайы;

3. Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;

4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (магистраль боюнча).

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.