Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жүк келди. ФОТО

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 10:47
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык касмыздоо бөлүмү билдирет.

Гуманитардык жүк үчүнчү ирет коңшу Өзбекстандан келди. Ал өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстан Кыргызстанга 284 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөткөн.

Ошондой эле коңшу өлкөдөн гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.