Өзбекстан Кыргызстанга 284 миң долларлык гуманитардык жардам берди

Окуялар тизмеги 20 Май 2020 16:39
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-майда, Ош шаарында Өзбекстандан жөнөтүлгөн экинчи гуманитардык жардамдын Кыргызстанга тапшыруу аземи болуп өттү.

Өзбекстан Республикасынын атынан достук жардамды КРны элчиси Ибрагим Жунусов тапшырды, — деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев, саламаттыкты сактоо координатору, тийиштүү кызматтардын жетекчилери жана ММК өкүлдөрү катышты.

Берилген гуманитардык жардам курамына медициналык керебеттер (440 даана), электрондук пирометрлер (1000 даана), медициналык коргоо костюмдары (2500 даана), медициналык мээлейлер (150 000 даана), ошондой эле медициналык беткаптар (150 000 даана) кирет.

Жардамдын жалпы суммасы 248 миң АКШ долларын түзөт. Медициналык жабдыктар жана каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу республикадагы медициналык мекемелерге тапшырылат.

Эске сала кетсек, апрель айында Өзбекстандан Кыргызстанга биринчи партия гуманитардык жардам келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.