Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү (фото)

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 16:51
0 ой-пикир

Кыргызстандын элине колдоо көрсөтүү максатында Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Коңшу өлкөдөн гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы келди.

Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, жалпысынан 17 вагонду түзгөн.

Маалыматка караганда, Өзбекстандан келген бул гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлөт жана тармактык мамлекеттик органдардын макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Эске сала кетсек, Өзбекстанда коронавирусту 190 адам жуктуруп алган, Кыргызстанда — 116.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.