Нарында диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү болгон алты аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, алар «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү экени аныкталган.
«Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрирди» пропагандалоого багытталган материалдарды камтыган планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталары жана жазуусу бар күндөлүктөр табылды. Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүүлөр Нарындагы №24 убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт сотко чейинки териштирүүгө Жазык кодексинин “Экстремисттик уюмду түзүү” беренесинин негизинде алынды.
Белгилей кетсек, «Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.