Атамбаев кайсы ооруканада дарыланып жаткандыгы белгилүү болду

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 18:09
0 ой-пикир

УКМКдан белгилешкендей, Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлери кызмат абалдарын туура эмес аткаргандыгына байланыштуу вирустук инфекция жукту деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

«А. Атамбаевдин үй-бүлөсү бул кайрылуусу менен аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, кылмыш ишин саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатышат деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.

29-июнда Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыгын айткан соң, андан COVID-19га карата ПЧР-анализ алынган.

«Анализдин жыйынтыгы боюнча Атамбаевде коронавирус жок экендиги аныкталган. УКМКнын аскер медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан алдын ала текшерүүдөн өткөндөн кийин, билдирүүдө айтылгандай ага “Эргоферон” дарысы эмес, вируска каршы антибиотик берилген. Ошондой эле көкүрөк органдарына томография дайындалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Т. Сооронбаев, кардиолог Г. Баитова жана УКМКнын аскер медициналык кызматынын терапевтинин катышуусунда дарыгерлердин онлайн консилиуму өткөрүлүп, жыйынтыгында ага “өпкөсү эки тарабынан сезгенген” деген диагноз коюлуп, Атамбаевди стационарга которуу чечими кабыл алынган.

Учурда А. Атамбаев КР Президентинин жана өкмөтүнүн Клиникалык ишин башкаруу ооруканасында стационардык дарыланууда. Ал жерде жактоочулар менен дарыгерлер тоскоолдуксуз жолугушууларды өткөрө алышат.

Мындан тышкары, УКМКдан кошумчалашкандай, акыркы жумада Атамбаев бир нече жолу адвокаттар, туугандары жана жактоочу З.Жоошев менен жолугуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алган.

«Расмий маалыматтарга караганда, адвокат З. Жоошевден вирустун айрым белгилери байкалып, коронавирустук инфекциянын белгилери менен Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышты.

“Фейсбукта” жарыяланган билдирүүдө «Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү ага ооруну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында атайылап жуктурушту деп ишенип жатабыз» деп айтылган.

Атамбаевдин туугандары азыр ал каерде экенинен кабары жок болуп жатканын, аны абактан туугандарына айтпай чыгарып кетишкенин, бейшембиден бери “кооптуу долбоор катары” таанылган “Эргоферон” деген дары менен дарылап келишкенин билдиришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.