Өкмөт Исхак Масалиевге жооп кайтарды

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 11:03
0 ой-пикир

Коомдук жана саясий ишмер Исхак Масалиевдин пикирине тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет.

Чындыгында, азыркы учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кыйын болуп турат. Коронавирус инфекциясы тастыкталган жарандардын саны бир топ көбөйдү. Ошону менен бирге Республикалык ыкчам штаб учурда өлкө боюнча же анын айрым аймактарында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин караган жок. 

Азыркы тапта жарандардын аң-сезимдүүлүк деңгээлин жогорулатууга басым жасалууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды белгиленген санитардык ченемдерди сактоого, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого жана массалык иш-чараларга барбоого чакырат. Ооруган жарандардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө максатында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аралыктан иштөө режимине которулду,  шаардык мэрияларга, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларга базарларда,  соода борборлорунда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары Бишкек шаарында эс алуу күндөрү коомдук унаалардын жана таксилердин кыймылы убактылуу токтотулду.

Аны менен катар медицина кызматкерлери белгилешкендей, 2020-жылдын март айынын башында Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал режимин киргизүү туура чечим болгон. Бул коронавирус инфекциясынын жайылышын азайтууга шарт түзгөн. Ошондо коомдо санитардык ченемдерди жайылтуу максаты коюлган. Бирок өзгөчө абал режими алынган соң көпчүлүк кыргызстандыктар медицина кызматкерлери сунуштаган чараларды сактоого кайдыгер мамиле жасашууда. Буга байланыштуу дагы бир ирет өз саламаттыгыңыздар үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз. 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти сынга алган.

«Эң маанилүүсү — элдин ден-соолугубу же бийликби? Айыкпас вируска чалдыккандардын саны тездик менен өсүүдө. Азыр адамдар ушул дарттан өлө башташты. Эмне үчүн өзгөчө абал киргизилбейт? Менимче, эки себеп бар.

Биринчиси — бийлик элден коркуп жатат. Өзгөчө кырдаалда калкка колдоо көрсөтүү керек болот. Бирок бюджетте акча жок. Анда бир нече убакыттан кийин, эл көтөрүлүп бийликти тарыхтын чуңкуруна таштап салышы ыктымал.

Экинчиден, кандай гана болбосун, күзүндө ЖКга шайлоо өткөрүү керек. Адамдар ооруп калышсын, алар жабыр тартышсын — биз парламентти шайлайбыз, андан кийин оору менен күрөшөбүз деп жатышат.

Эгерде мен жаңылып калсам, абдан кубанам», — деп жазган ал.

Что важнее — здоровье или власть?Необходимости вводить режим ЧП нет. Так сказал Боронов.Число заражённых нелечимым…

Posted by Исхак Масалиев on Thursday, June 25, 2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.