БШКнын мүчөсү: Шайлоо мөөнөтүн президент аныктайт

Окуялар тизмеги 26 Июн 2020 17:22
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы Республикалык ыкчам штаб менен бирге өткөрүлгөн отурумда коронавирус пандемиясынын убагында шайлоону уюштурууга байланышкан көп маселелер аныкталбаган бойдон калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, эми шайлоонун мөөнөтүн президент аныктап бериш керек.

«Шайлоо мөөнөтүнө гана эмес, шайлоону коопсуз өткөрүүгө байланыштуу көп суроолор ачык калды. Ыкчам штабдын өкүлдөрү президент шайлоонун мөөнөтүн аныктагандан кийин гана аны коопсуз өткөрүү алгоритми түзүлөрүн айтышты. А шайлоого чейинки үгүт иштери, жалпы өнөктүктүн коопсуздугун, шайлоочулардын, аймактык, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугу кантип камсыздалат, мына ушунун баары азырынча жоопсуз калды», — деди Атыр Абдрахматова.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШКнын отурумдарын соцтармактар аркылуу түз алып көрсөтүү жөнүндө Атыр Абдрахматованын сунушун Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова “каражат жок” деген жүйө менен четке какты.

Бүгүн, 26-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жетекчилери менен парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо мөөнөтүн аныктоо маселесин талкуулаган. Өкмөт анда шайлоону коопсуз өткөрүү жана анын мөөнөтү боюнча БШКга сунуш берген эмес.

Коронавирус пандемиясынан улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөй калган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.