Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкаргандан да көп убакытка камалат

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 26 Июн 2020 20:42
0 ой-пикир

Шейшемби күнү 2011-2017-жылдары Кыргызстанды башкарган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соту болду. Ал 2013-жылы криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугу үчүн 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Бул мөөнөт кийинки сот отурумдарында көбөйүшү да мүмкүн. Себеби сот башка иштерди: Кой-Таштагы окуяда спецназдын өлүмүн, 2019-жылдын август айында мамлекеттик бийликти басып алууга болгон аракеттерди жана эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатып алынганын карай элек.

Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын соттору митингсиз өтчү эмес, бул жолу өлкө тарыхындагы башкы соттук чечимдердин бири чыгып жатканда абал тынч болду. Бир чети буга коронавирус пандемиясы түрткү болсо, экинчи жагынан кандай өкүм чыгарын көпчүлүк боолгоп турган. 

Алмазбек Атамбаевге карата козголгон биринчи кылмыш иши каралып, аны 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле ага карата үй-мүлкүн конфискацияга алуу, мамлекеттик бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу боюнча чечим чыкты. Криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу экс-президентке ушундай кымбатка турду. “Ъ” буга чейин билдиргендей, бул операцияга тиешеси бар кызмат адамдары 15 млн доллар суммасындагы пара алышкан.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана эки жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу боюнча кылмыш иштери 2019-жылдын биринчи жарымында каралып баштаган, ал учурда Атамбаев өлкөдө эркин жүрүп, жада калса, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан болчу, айыптоонун башка пункттары кийинчерээк пайда болду. Эске сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү экс-президент аны кармоого баргандарга каршы күч колдонуп, анын Кой-Таштагы резиденциясын курчаган спецназдарга ок чыгарган.  Эми айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаев спецназдын өлүмүнө жана мамлекеттик бийликти басып алууга аракеттенүүгө да жооп бериши керек деген пикирде. Эгерде Кыргызстандын экс-президенти күч органдарынын буйругуна баш ийгенде балким бул кылмыш иштери ачылбайт беле.

Атамбаев бул каршылашууну саясий өңүттө болуп жатат деп билдирген. 2017-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев мураскерим деп санаган Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан, бирок Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бийлигине болгон өз таасирин сактап калууга аракет кылган.

Бирок планы ишке ашпай калды: кийин белгилүү болгондой, жаңы президент мурунку президенттин айткандарына көнбөгөн экен. Ошондуктан алгач Атамбаевдин адамдарына кылмыш ичтери ачылып соттор болуп, кийин анын өзүн соттошту.

Кыргыз эксперттеринин көпчүлүгү Алмазбек Атамбаевдин келечеги суктанарлык эмес деп келишет. Алардын арасында саясий репрессияларга каршы комитеттин жетекчиси, буга чейин Алмазбек Атамбаев түзгөн КСДП партиясынын мүчөсү болгон Адиль Турдукулов да бар. “Ъ” басылмасына Адиль Турдукулов билдиргендей, “Атамбаевди жана анын тарапташтарын коомчулук колдобойт, ошондуктан экс-президент түрмөдөн качып кутула албайт”. Маектешибиз күзүндө болчу шайлоодо парламентке КСДПнын өкүлдөрү өтпөй турганын билдирди. Кыскасы, азыр КСДП деп эмнени түшүнүү керектигин айтуу татаал: качандыр бир убакта башкаруучу болуп турган партия кыйрап, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана каршылаштары болуп экиге бөлүнүп кетишти.

Ал эми жакында эле экс-президенттин балдары “Кыргызстандын социал-демократтары” деп аталган жаңы үчүнчү саясий күчтү каттоодон өткөрүштү.

Кыргызстандын ИИМинин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров мурдагы президентти узак мөөнөттүү камак күтүп турат деген пикирде. “Жаңы кылмыш кодекси боюнча коррупция жана адам өлтүрүү боюнча беренелер амнистияга туш келбейт”, — деди Кадыров. Демек, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мыйзамдарында каралган эң жогорку мөөнөттү – 25 жыл алышы толук мүмкүн.

Кабай Карабеков, Бишкек; Кирилл Кривошеев, «Коммерсантъ» 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.