Казакстандын саламаттык сактоо министри кызматтан алынды

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 20:51
0 ой-пикир

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2017-жылдан бери саламаттык сактоо министри болуп иштеп жаткан Елжан Биртановду бүгүн кызматтан алды. Мамлекеттин башчынын башка жарлыгы менен Алексей Цой саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Елжан Биртановдун коронавирусту жуктуруп алгандыгы маалымдалган. Ошондой эле казак коомчулугунда соңку кырдаалга байланыштуу саламаттык сактоо тармагынын жетекчилигине бир катар доомат айтылган.

Жаңы дайындалган министр Алексей Цой саламаттык сактоо министринин орун басары болуп 2017-2019-жылдары иштеген. Азыркы кызматка дайындалганга чейин, мындан үч күн мурда саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган, ага чейин президенттин иш башкармалыгына караштуу медициналык борборду башкарып турган.

Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус 19285 адамдан аныкталды. Бул илдеттен 140 бейтап жан берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.