Бүгүн Москвада Жеңиш парады өтөт

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 09:10
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-июнда Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтөт. Ага катыша турган чет өлкөлүк лидерлер белгилүү болду.

Майрамдык иш-чарага катышууга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери келген. Ошондой эле Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери да катышмакчы. Босния жана Герцеговинанын президимунун төрагасы Милорад Додиктин да барары күтүлүп жатат.

Бир катар лидерлер адегенде 9-майга белгиленип, пандемиядан улам 24-июнга жылдырылган иш-чарага катышуудан баш тартууга мажбур болушкан. Кремль коронавирус эпидемиясына байланыштуу сапардан баш тарткан лидерлерди жакшы түшүнөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенинин урматына 1945-жылдын 24-июнунда Москвада Кызыл аянтта Жеңиш парады алгачкы жолу өткөрүлгөн. Аскер парадына согуштун аягына чейин катышкан аскерлер, Аскер деңиз флотунун, Коргоо эл комиссариатынын, аскер академияларынын жана Москва гарнизонунун бөлүктөрү катышкан. Жеңиш парадын Советтер Союзунун маршалдары Г. К. Жуков кабыл алып, К. К. Рокоссовский командалык кылган.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - parad-pobedy7.jpg
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - parad-pobedy6-1024x616.jpg
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - parad-pobedy5.jpg
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - parad-pobedy4.jpg

Андыктан, быйыл пандемиядан улам Улуу Ата Мекендик Согуштагы жеңиштин 75 жылдык урматына карата аскер парады 9-майда эмес 24-июнда өткөрүү максаттуу деп табылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.