«Сооронбай Шарипович, «өзгөчө белегиңиз» үчүн рахмат», — Раиса Атамбаева соттун өкүмү тууралуу

Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 20:33
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун Атамбаевдин баласы Сейитбек Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Раиса Атамбаева 23-июнь туулган күнү экенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин достугуну эске салган.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Чын жүрөгүмдөн сиздердин бардыгыңыздарга ар дайым колдоп келгениңиздер үчүн, ишенгениңиздер үчүн жана боор тартканыңыздар үчүн ыраазылыгымды билдирем.

Көп жылдардан бери биринчи жолу туулган күнүмдү Алмазбек Шаршеновичсиз өткөрүп жатам.

Таң эртең мененден бери жүздөгөн киши чалды, анын ичинде чет өлкөлөрдөн, мамлекет башчылардын үй-бүлөлөрү чалып жатат.

Алардын алдында Сооронбай Жээнбеков үчүн мага ыңгайсыз болуп жатат. Биз ага 30 жыл жакшылык кылып, бир боор катары мамиле жасадык эле.

Ыраазылык иретинде ал ар жылы туулган күнүмдө биринчи болуп куттуктачу эле. Бүгүн болсо так менин туулган күнүмдө сотторго менин жолдошума өкүм токуттуруп отурат.

Сооронбай Шарипович, биздин мурдагы досубуз, сизди дагы бир ирет көрүп, көзүнүзгө тике карап ушундай «өзгөчө белекке» рахмат айтайын дедим эле.

Сөз жок, Алишер Навоинин бул ыры менен бөлүшөйүн дедим:

Я столько видел горя от друзей
И столько бед и мук омыл слезами,
Что в смертный час уж лучше умереть,
Чем уцелеть и снова быть друзьями,» — деп айтылат Раиса Атамбаеванын кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл, эки айга эркинен ажыратты. Ошондой эле II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратты жана мүлкүн конфискациялады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.