Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды

Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 15:46
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүм чыкты.

Судья Эмилбек Каипов Атамбаевди күнөлүү деп таап, аны 11 жыл 2 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратты жана мүлкүн конфискациялады.

Прокурор мурунку мамлекет башчыны 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарын, сыйлыктарын артка чакыртып алууну сураган.

Соттук отурумда Атамбаев өзү катышкан жок. Буга чейинки процессте сот Атамбаевди тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарылганы кабарланган.

Эскерте кетсек, өлкөнүн парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (мурдагы башкы прокурор), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.