Ырчы Айбек Карымов бюджетке ири зыян келтирген деп шектелүүдө

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 09:08
0 ой-пикир

Белгилүү обончу, ырчы Айбек Карымов финансы полиция тарабынан кармалганы кабарланды. Ал коммерциялык фирманын жооптуу кызматкери катары мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге шек саналып жаткандыгын «Азаттык» жазды.

Мунун алдында, 18-июнда Финансы полициясынын басма сөз кызматы Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармармалыгынын үч кызматкери жана коммерциялык уюмдун бир кызматкери кармалганын расмий жарыялаган. Башкармалыктын кызматкерлеринин инициалдары «Б.Н.», «М.У.», «И.А.» деп, жеке фирманын өкүлүнүн аты-жөнү «К.А.» көрсөтүлгөн. Соңку инициал Айбек Карымовдун ысымына туура келет.

Финполициянын маалыматына ылайык, башкармармалыктын жооптуу кызматкерлери муниципалдык менчиктин реестринде турган лифттерди модернизациялоо үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, максатка ылайык эмес сатып алуу келишимдерине барышкан. Алар акысы бир канча эсе аз жумуштар үчүн жалпы 24 миллион сомдон жогору сумманы коюп коюшкан.

Мекемеден билдиришкендей, лифттик жабдууларды сервистик тейлөө жана аны орнотуу тармагында тиешелүү квалификацияга ээ көз карандысыз эксперттик уюмдун бүтүмүнө ылайык, каралган лифттерди мындан ары колдонуу кооптуу жана адам өмүрүнө түздөн-түз коркунучтуу. Жабдыктар лифттерди коопсуз пайдалануу жана эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарына туура келбейт деп табылган.

Ал эми Айбек Карымовдун жубайы, ырчы Гүланда Инстаграмдагы баракчасы аркылуу бул маалымат боюнча комментарий берди. Анда жолдошунун кармалганын төгүндөп, анын эркиндикте жүргөнүн жазды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.