Чуулгандуу сүрөт. Президент өкмөт мүчөлөрүнө айыппул салууну талап кылды

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 16:02
0 ой-пикир

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып беткап режимин бузгандыгы үчүн айыппул төлөөсүн талап кылды.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.

«Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деген президент, медиктердин талаптарын бузгандарга айыппул салууну талап кылды.

«Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек», — деди ал.

Эске салсак, катардагы жарандардан карантин эрежелерин катуу талап кылган аткаминерлердин өздөрү беткапсыз аралыкты сактабай түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган. Анда өкмөт башчы баш болуп ондогон адамдар беткап тагынбай турушат. Социалдык тармактарда «өкмөт өзү санитардык эрежелерди сактабай жатат» деген сын-пикирлер айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.