ИИМ: Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнөт

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 10:22
0 ой-пикир

Жакын арада өзгөчө абал учурунда иштеген ички иштер органдарынын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“2000-жылдын 26-октябрында өкмөт тарабынан бекитилген «Эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомдун жобосуна ылайык, өзгөчө абал шартында өз тапшырмаларын аткара тургандар кызмат орду менен аскердик наамга жараша үч эмгек акы (оклад) өлчөмүндө маяна төлөп берүү каралган. Ал эми аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша бир эмгек акыны ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык акы менен биргеликте алышат, ушунун негизинде аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша эки эмгек акы калат. Аталган кепилдик өзгөчө абал режиминде кызмат өтөө маалында өз милдеттерин аткаруу үчүн кызматкерлерге шыктандыруучу болуп эсептелип, ал республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен төлөнүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, андан сырткары, республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамы жетекчиликтин чечими менен Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык «аскердик кооптуулук» күжүрмөн даярдыгы баскычына өткөрүлгөн.

“Ага байланыштуу, өзгөчө абал режиминде ички иштер органдарынын кызматкерлери казармалык абал шартында кызматын өтөштү. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлеринин жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлеринин иштөө убактысын эсепке алуу табели толтурулуп, коменданттар тарабынан бекитилип кошумча акча каражатын бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Каржы министрлигине жөнөтүлгөн. Азыркы учурда өкмөттүн токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Жакын арада ички иштер органдарынын өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет”, — деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, Kaktus.media интернет-басылмасы милициядагы жеке булактарына таянып, 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпай турганын жазган. Буга өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканы негиз болгону айтылган. Бул боюнча 13-июнда жыйын болгону да жазылган.

Бирок, милиция кызматкерлери иш таштайт деген маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы четке каккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.