Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси кызматына киришти

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 22:56
0 ой-пикир

Өзбекстан Кыргызстанга 30-майда жаңы элчи дайындаган. Элчи болуп дайындалган Хуршид Мирсабирович Мирзахидов бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Министр Ч.Айдарбеков өзбек элчисин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Хуршид Мирзахидов 1971-жылы 21-июлда Ташкентте төрөлгөн. Кесиби радио байланыш, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү инженери – Ташкент электротехникалык байланыш институтун аяктаган. 2015-2017-жылдары маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар министри, 2017-жылдын 2-февралынан 3-августуна чейин Өзбекстан УТРКсынын төрагасы, 2017-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 30-апрелине чейин Автомобиль жолдору боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Жаңы элчи — бир кыз жана эки уулдун атасы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.