Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 10:35
0 ой-пикир

Өзбекстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады.Бул тууралуу «Озодлик» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Хуршид Мирзахидов Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды жана жаңы элчи Бишкекке 30-майда келди.

Хуршид Мирзахидов 49 жашта. Ал дипломатиялык кызматка чейин өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясынын башчысы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш министри болуп иштеген.

Эскерте кетсек, мурдагы элчи Камил Рашидовдун дипломатиялык миссиясы 2019-жылы августта аяктаган. Ал Кыргызстанда 2012-жылдан баштап иштеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.