Нарын облусунун башчысы селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн кабар алды. ФОТО

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 18:35
0 ой-пикир

Бүгүн, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов селдин кесепетинен жабыркаган үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Үйлөрү жараксыз абалга келген беш үй-бүлөгө күнүмдүк керектөөсүнө жумшасын деп 5 миң сомдон акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Үй ээлери менен жолугушуу учурунда облус жетекчиси бул маселени өкмөткө билдирип келгенин, учурда демөөрчүлөрдү издөө аракеттери көрүлүп жатканын жана бир демөөрчү табылганын билдирди. Үй ээлери да колдон келишинче аракет кылып күзгө чейин турак-жайларды тургузуп алуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Нарын шаарында мөндүр аралаш катуу жааган жаандын кесепетинен сел каптап, анын кесепетинен 114 үй жабыр тарткан. Алардын ичинде 5 үй таптакыр жараксыз абалга келип, 58 үйдүн ичине суу кирген. Мындан сырткары, 51 үйдүн короо-жайын суу каптап, көчөлөргө, арыктарга агындылар толуп калган.

Нарын шаардык мэриясынын, шаардын коомчулугунун жардамы менен турак-жайлары жабыр тарткан жарандарга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө.

Жакынкы күндөрдө сел каптаган көчөлөргө кум-шагыл төктүрүлүп берилээри пландалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.