Коммунисттер партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Жаш гвардиясы проспектиси менен ылдый жай айдап бараткам. Белгисиз жигит унаасы менен келип, эмнегедир менин унаамдын астына кирип кетейин деди. Аны жөн гана жол эрежелерин бузбай, этият айдоого чакырдым. Кечирип койдум», — деп жазган саясатчы.
Билдирүүнүн алдына колдонуучулар өздөрү да ушундай абалга көп туш болушканын жазышып, баш калаада айдоо маданиятын билбеген айдоочулар көбөйүп жатышкандыгын белгелешкен.