8-мартта аялдардын шериктештик маршына катышкандарды сот күнөөлүү деп тапты

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 18:45
0 ой-пикир

Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандар боюнча ишти карап, маршка чыккандарды күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” маршта кармалгандардын бири, адвокат Евгения Крапивина билдирди.

Анын айтымында, сот Свердлов райондук милициянын чечимин күчүндө калтырып, жүрүштүн катышуучулары күнөөлүү деп тапкан. Алар 3 миң сом өлчөмүндө айып төлөшү керек.

«Бүгүн сотто милиция марш мыйзамсыз экенин жана катышуучулар тарап кетиши керектигин эскерткени тууралуу видео далилин алып келди. Видеодо көрүнгөндөй, биз ал жерде жөн эле турабыз. Мен, жада калса, калпак кийген белгисиз адамдар келген учурда башка жакты карап, балдарымды издеп жатканым көрүнүп турат. Милиция кызматкери артымдан келип, колумду кайрып, алып кеткенин да көрүүгө болот. Сот аларды мыйзамдуу деп таап, түздөн-түз ишин аткарышканын билдирди. Биздин кайрылуубузду канааттандырган жок», — дейт адвокат.

Крапивина соттун чечимине макул эместигин айтып, 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляция арызын жазарын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, быйыл 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөн. Акция учурунда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, маршты үзгүлтүккө учураткан. Бирок милицияга акциянын катышуучулары болгон 11 адам жеткирилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Райондук милиция маршка чыккан беш катышуучуну “милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген жок” деп, ар бирине 3 миң сомдон айыппул салган болчу. Алардын үчөө мындай чечимге макул болбой, сотко кайрылган.

2020-жылдын башынан тарта Кыргызстанда үч аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза таап, дагы экөө денеси күйүп ооруканага жаткырылган шартта болгон — күйөөсү ага бензин чачып, өрт койгон. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Бүгүн социалдык тармактарда аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган эркектин видеосу тарады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.