Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан» фракциясы) Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, депутаттын арызы БШКга келип түшкөн. Бул маселени БШКнын мүчөлөрү эртең, 9-июнда карашат.
Эске сала кетсек, мурда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев дагы өз мандаттарын тапшырган болчу.