Өкмөт мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги абал жөнүндө маалымат берди

Окуялар тизмеги 06 Июн 2020 17:36
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги абал жөнүндө расмий маалымат таркатты.

Маалыматка караганда, «Актилек- автожол» көзөмөл-өткөрмө жайында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам 8 чакырым тыгынга алып келген 500дөн ашык жүк ташуучу унаалардын кезеги түзүлгөн.  

Айдоочулардын маалыматы боюнча, чек арада Казакстан Республикасына кирүүдө токтоп туруу убактысы 3-4 сутка болгон. 2020-жылдын 3-июнунда «Актилек- автожол» жана «Карасу» (Казакстан Республикасы тарабынан) көзөмөл-өткөрмө жайларында кыргыз жана казак тараптын делегацияларынын өкүлдөрүнүн көчмө жыйыны өттү. 

Бул кеңешменин жүрүшүндө тараптар «Актилек- автожол» жана «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысын бир унаа каражатынын мисалында аныкташкан, ошондой эле үч саат ичинде өткөрмө жайлар аркылуу өткөн унаа каражаттарынын саны эсептелген. Эки өлкө тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн хронометражында бир топ айырма бар.

Хронометраж көрсөткөндөй, «Актилек- автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынан жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысынын узактыгына жана аларды кечиктирүүгө тийиштүү казак тараптын бардык айыптоолору негизсиз. 

Жүргүзүлгөн хронометраждын жыйынтыктарына ылайык «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жүк унаалардын өтүүсү кыргыз тарапка салыштырмалуу кыйла узак болуп чыкты. Ошентип, кыргыз тарап аркылуу унаа каражаттарын өткөрүү казакстандык жакка караганда тез ишке ашырылууда. Хронометраж боюнча 3 сааттын ичинде Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 61 унаа каражаты чыкса, Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына 21 унаа кирген. 

Белгилей кетчү нерсе, кеңешме учурунда казак тарап унаалардын топтолушуна казакстандык жак күнөөлүү экендигин мойнуна алды жана өлкөнүн борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришти. 

Хронометраждын жыйынтыктары казак тараптын буга чейин жетишилген макулдашууларды жана ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун жоболорун бузууларын күбөлөндүрүп турат. 

Ошону менен бирге кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 2020-жылдын 24-январынан бери жабык экендигин билдиребиз. Ошентип казак тараптын Кытайдан товарлардын көмүскө реэкспортуна тийиштүү кооптонуусу ашыкча. 

Кыргызстандык жак казак тарапты мындай тоскоолдуктарды келтирбөөгө чакырат.

Эске сала кетсек, буга чейин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.