Асрандиев: Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 08:55
0 ой-пикир

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин билдирди. Мындай пикирин ал 4-июнда кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында белгиледи.

«Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келатат. 300-400 машине көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүүнүн тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби да татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө «, — деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев белгилегендей, кыргыз бийлиги ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.

«Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз», — деп жыйынтыктады Эркин Асрандиев.

Эскерте кетсек, өткөн жумада «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300гө жеткен.

Мындай көрүнүш бул бекеттин жанында улам кайталанып келатат.

Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын 29-майда өткөн онлайн саммитинде Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керектигин, жүк мурдагыдай эле ташыла берүүгө тийиш экенин айткан.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.