Куткаруучулар суудан 3 жансыз денени таап чыгышты. Экөө — өспүрүм балдар

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 10:49
0 ой-пикир

Соңку суткада куткаруучулар 3 адамдын денесин суудан чыгарышты, алардын экөө өспүрүм балдар болсо, бирөө — 69 жаштагы адам. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Талас облусунун Манас районунда 3-июнь күнү саат 15:35 чамасында Чеч-Дөбө айылынын Саратай көлүнө 2002-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, РИИБден 9 кызматкер жана айыл аймактан 35 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жумгал районунун Байзак айылынын Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 2005-жылы туулган бала чөгүп кеткен. КР ӨКМнин куткаруучулары баланын жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3-июнь күнү саат 20:36 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагынын Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 1951-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табылган. КР ӨКМнин куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып,  милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.