Шайлоо күрөөсүн беш миллиондон сомдон бир миллион сомго азайтуу сунушталды

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 16:01
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча парламенттик комитеттин жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда каралды.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүүнү сунуш кылды. Муну ал саясий партиялардын чыгымдарын азайтуу ниети менен негиздеди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев күрөөнү 10 миллион сомго чейин жогорулатууну сунуш кылды.

14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да камтылган. Мыйзам долбоору 2019-жылдын 29-октябрынан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.