Чек арадагы чырдан 15 адам жараат алды. Экөөнүн абалы оор

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 08:42
0 ой-пикир

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан Кыргызстандын 15 жараны жараат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Алдын ала маалыматка ылайык, чек арадагы чырдан жараат алган 15 адам Айдаркен шаарынын Жалпы практикалык дарыгерлер борборуна алынып келген. Азыркы учурда жаракат алган төрт адам стационарда, калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга коё берилген», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, ар түрдүү жараат алган төрт адам стационарда дарыланууда, экөөнүн абалы оор деп бааланууда, ал эми дагы экөөнүн абалы канааттандырарлык.

«Жараат алгандар керектүү дары-дармек менен камсыз болгон. Чыр болгон жерде эки тез жардам бригадасы нөөмөттө турат. Ошондой эле Баткенден кесиптештерине жардам көрсөтүү максатында облустун саламаттык сактоо боюнча координатору башында турган реаниматолог жана травматолог жөнөп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.