Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты

Окуялар тизмеги 31 Май 2020 16:36
0 ой-пикир

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн 31-майда болжол менен саат 12:30да Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Чатактын чыгышына Чечме айылындагы булак себеп болгон. Эки тарап Чечме деген булакты биргеликте тазалап жатканда аталган булак бизге таандык дешип сөз талаша кетишкен.

«Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбек Республикасынын Сох районунун акими чыр чатакты жөнгө салуу боюнча жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат», — деп билдиришти өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.