Чек арадагы чыр боюнча Өзбекстан үн катты

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 19:29
0 ой-пикир

Кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан сайты жазды.

«Эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр Чечме айылындагы булакты тазалоо учурунда келип чыкканы маалым болду. Эки тарапта тең жабыркагандар бар. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз-өзбек чек арасындагы облустардын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында кырдаал көзөмөлгө алынды. Тараптар эми тазалоо иштерин макулдашуусу жок өткөрбөйт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалады.

«Эки жактын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен булактын суусун чогуу колдонуу боюнча келишим бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан 15 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган. Жаңжал аймактагы Чечме булагын талашуудан чыкканы маалымдалган.

1-июнда Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.