Кыргыз-өзбек чек ара чыры боюнча сүйлөшүү өттү

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 14:03
0 ой-пикир

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме-Автодорожный» өткөрмө пунктунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чектеш айылдардын жашоочуларынын ортосунда болуп өткөн жаңжал талкууланды.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу өкүнүү билдиришип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди.

Кубатбек Боронов жана Абдулла Арипов ошондой эле эки жактуу кызматташуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.