Чек арадагы чыр: Боронов Баткенге жөнөп кетти

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 09:15
0 ой-пикир

Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Боронов кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.

«Учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта

Эске салсак, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыккан. Чатактын чыгышына Чечме айылындагы булак себеп болгон. Кыргыз тараптан 15 адам жаракат алганын, алардын экөөсүнүн абалы оор экендиги айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.