Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Боронов кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.
«Учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта
Эске салсак, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыккан. Чатактын чыгышына Чечме айылындагы булак себеп болгон. Кыргыз тараптан 15 адам жаракат алганын, алардын экөөсүнүн абалы оор экендиги айтылды.