«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев кармалды

Окуялар тизмеги 30 Май 2020 14:33
0 ой-пикир

«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, аталган коомдук бирикме негизги ишмердүүлүгү маданият жана эс алуу жаатындагы коомдук уюмдардын (ассоциациялардын) иши экендиги көрсөтүлгөн. Жетекчиси — Рузиев Камилжан Якупович.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.