Коронавирус көп катталган Нарын облусунун жетекчилигинин жоопкерчилиги каралды

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 17:17
0 ой-пикир

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш жарыяланды. Ошондой эле социалдык блокту тескеген орун басарынын кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталды. Бул тууралу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары штаб Саламаттыкты сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановдун, анын орун басары Анара Калманбетованын, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдордун ээлеген кызмат ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушун берди.

«Нарын облусундагы эпидемиологиялык абал дурус эмес, жалпысынан 297 учур аныкталса, анын ичинде 17 учур жаңы катталды. Нарын облусунда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны Ош жана Жалал-Абад облусуна салыштырмалуу жогору. Эгерде облустун жетекчилиги тийиштүү бүтүмдөрдү чыгарбаса жана абалды жакшыртпаса, анда тиешелүү чечим кабыл алынат. Эпидемиологиялык абалды оңдоо үчүн облустун бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Облустук төрөт үйүндө кырдаалды жакшырткан жоксуңар. Жаңы көз жарган аялдар ооруканадан чыгып кетүүгө аракет кылган учурларга жол берилди. Облус жетекчилиги толук киришпей, абалга тийиштүү көңүл бурбай койгон, ошондуктан бүгүнкүдөй статистиканы көрүп турабыз. Мунун бардыгы жетишсиз иштин, зарыл болгон ыкчам чечимдерди өз убагында кабыл албоонун, жагдайга карата талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугунан болуп жатат. Буга жол бербеш керек», — деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.