Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот: башкы күбөлөр кандай көрсөтмө берди

Окуялар тизмеги 25 Май 2020 09:01
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, соттук отурумда сот күбөлөр экс-башкы прокурор Аида Салянова жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, экс-вице-премьер Шамил Атаханов көрсөтмө берди.

Башкы күбөлөр Алмазбек Атамбаев боюнча боюнча кандай көрсөтмө бергендиги белгилүү болду. Мурунку президенттин жактоочусу Замир Жоошев айтуусунда Шамил Атаханов буга чейин Алмазбек Шаршенович менен беттештирүүдө айткандарын тастыктаган.

«Атаханов «Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча атайын операция өтмөк, анткени, аны Кыргызстанга алып келүү зарыл эле. Себеби, соттун өкүмү чыккан, ошол боюнча жоопко тартылышы керек эле. Ал өлкө үчүн маанилүү болчу» деп айтты.

Ал эми Аида Салянова Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Алмазбек Шаршенович менен жолукканын билдирди. Ал «ошол кездеги президентке «бул боюнча иш козгойм» десем «иш козгойсуңбу ал сенин ишиң» деп айткан» деди. Жыйынтыгында өзү эмес УКМКнын тергөөчүсү иш козгоптур», — деп айтылат адвокаттын билдирүүсүндө.

Жоошев андан тышкары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев да көрсөтмө бере баштаганын билдирди.

Эскертек кетсек, былтыр Шамил Атаханов менен Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколу Интернетке чыгып кеткен. Анда Атаханов мурдагы президенттин буйругу менен Азиз Батукаевди бошотуп, анын ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу үчүн Чеченстан менен сүйлөшүү жүргөнүн, бирок ал ишке ашпай калганын айтып бергени жазылган.

Криминалдык төбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Россияга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө 2019-жылдын январында кайра калыбына келтирилген. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 киши айыпталууда.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. Калгандарынын иши азырынча сотко өтө элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.