Абылгазиев: Радиожыштыктар боюнча маселени саясатташтырбоо керек

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 00:52
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тарабынан радиожыштыктар маселеси боюнча такталбаган маалыматтар таркатылып жатат. Бул маселени саясатташтырган туура эмес. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кечээ бул тууралуу Жанар Акаевдин билдирүүсүн көрдүм. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Сиздер мыйзамдарды кабыл аласыздар. Депутат Жанар Акаев такталбаган маалыматтарды айтты. Муну саясатташтырган туура эмес. Менин аброюма дагы шек келтирген сөздөрдү айтты. Бул эми анын өзүнүн абийиринде. Мунун башы негизи башында маселеге тиешеси бар органдар менен чогулуп, финансылык каражаттары боюнча сурап, тактап, радио жыштыктар боюнча кандай болуп жатат деген тапшырма бергем. Мурда сатылган учурлар болгон. Радио жыштык мамлекеттин байлыгы. 1000 сомго сатылган учурлар болгон. Ээлик эмес, убактылуу пайдаланууга алышкан. Убактылуу алгандар 2-компанияга сатып жатат. Бул туура эмес, мыйзам түрүндө чек коюш керек. Өзү пайдаланбаса кайра Өкмөткө кайтарып, чек коюп кайра аны аукцион кылып сатуу маселесин койгонбуз. Кийин көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жаткан. «Ала-ТВ» 1998-жылы телеберүү үчүн жыштык алган. Колдонуп жүрүп, «Beeline» компаниясына сатып жатат. Бул туура эмес. Мамлекеттик кызматкерлер дагы аралашкан деген сөздөр болду. Президенттин тапшырмасы менен бул фактылар текшерүүгө алынган. Билишимче, ишти Аскер прокуратурасы карап жатат. Жыштык боюнча саясат жүргүзүп жаткан комитеттин кызматкерлерине карата тергөө жүрүп жатат. 2-3 мамлекеттик органдын кызматкерлери кармалып, тергөө жүрүүдө. Учурда тергөөгө аралашуум, күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп түшүндүрмө берүүм туура эмес болуп калат», — деп билдирди Премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, радиожыштыктар да мамлекеттин байлыгы, сатыла турган чечим чыкса, анда аукционго коюлуп сатылышы керек.

«Сатылбаса мамлекеттин балансында пайдага иштеш керек. «КТ мобайл» баасы 2 млрд сом турат. Ал жерде татыктуу адистер иштеп жатат. Бир жылда чоң мамлекеттик компанияны бутуна тургузган жоксуңар деп күнөө койгон да туура эмес. Келечегин убакыт көрсөтөт. Ал эми радио жыштык маселесинде менин күнөөм жок. Ким күнөөлүү болсо жоопко тартылсын. Ишти дагы финансы полициясы жүргүзүүдө. Алар жакында сиздер каалаган маалыматтарды беришет», — деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыкты сатууда ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон.

Өкмөт ага «депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп жооп кайтарган. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөт өкүлдөрү түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирген.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын аскер прокуратурасы билдирген.

12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.