Facebook Өзбекстанга салык төлөй баштады

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 09:27
0 ой-пикир

Өзбекстанда дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак Facebook кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган чет элдик интернет компаниялардын катарына кирди. Бул тууралуу өлкөнүн салык комитетинин маалыматында айтылат.

Facebook социалдык тармагына таандык Facebook Technologies Ireland Limited компаниясы тизмеге 19-майда киргизилген.

Өлкөдө кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган чет элдик интернет компаниялардын  жалпы саны ондон ашты.

Кошумча нарк салыгын алгачкылардан болуп «Google» компаниясы I кварталдын жыйынтыгында 85 миң евро өлчөмдө төлөгөн. Андан тышкары «Netflix» Өзбекстандын бюджетине 4,3 миң евро, «Apple» — 59,2 миң доллар кошумча нарк салыгын төлөп берди.

Эскерте кетсек, “Гугл салык” деп аталып жүргөн төлөм Россияда 2016-жылдан бери иштеп келет. Интернет тейлөөнүн бардык түрү – тиркеме, оюн, музыка, фильм сатуудан, жарнамадан жана башкадан төлөм алынат. Мындай салык Австралия, Япония, Корея, Жаңы Зеландия жана Евробиримдик өлкөлөрүндө бар.

Кыргызстанда да санарип кызмат көрсөткөн эл аралык компаниялардан салык алуу демилгеси көтөрүлгөн, бирок ишке ашпай келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.